"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык төлөмдү көбөйтүүгө арналган мыйзам колдоо тапты

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык төлөмдү көбөйтүүгө арналган мыйзам колдоо тапты

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КРнын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Камила Талиева белгилегендей, мыйзам долбоору көп балалуу энелерге мамлекеттик колдоону күчөтүү жана өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүнө салым кошкон аялдардын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелерге берилүүчү пенсиялык кошумча төлөмдү көбөйтүү сунушталууда.

"Учурда “Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге, анын ичинде багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге, пенсияга айына 1000 сомдук үстөк белгиленет. Бул сумма 2011-жылдан бери кайра карала элек. Учурдагы экономикалык кырдаалды жана негизги азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баалардын өсүшүн эске алганда, бул төлөм өзүнүн түрткү берүүчү жана колдоо көрсөтүүчү функциясын жоготту. Мыйзам долбоору мамлекеттик колдоо деңгээлин кайра карап чыгууну жана эсептик базалык өлчөмдүн 5000 пайызын түзгөн (айына 5000 сомго барабар) пенсияга кошумча төлөмдү белгилөөнү сунуштайт", – деди Камила Талиева.

Ошондой эле депутат мыйзам долбоорун үч окууда колдоо боюнча депутаттык топтордун тиешелүү чечимдери бар экенин белгиледи. Эл өкүлү жакында эле бул багытта Президенттин тиешелүү жарлыгы чыкканын эске салып, 2027-жылдын бюджетинде бул максаттарга болжол менен 1,5 млрд сом каралганын билдирди.

Маалыматка ылайык, “Баатыр эне” ордени ыйгарылган өлкөдөгү 30 609 эне 2027-жылдын 1-январынан тартып ай сайын 5000 сом өлчөмүндө кошумча төлөм ала башташат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Оштогу унаа жолдун 55 километри реконструкцияланууда

Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн 18 өлкөгө кеңейтүү сунушталууда

Кепилдик фонд 10 айда 2,7 млрд сомдук ипотекалык жана автокредиттердин берилишине көмөктөштү

Онлайн курс саткандарды билимин көрсөтүүгө милдеттендирүү сунушталды

Кызыл-Кыяда Баткендеги эң чоң күнөскана курулду