Өлкөдө орточо маяна 55,5 миң сомду түздү
Өлкөдө январь-сентябрь айларына карата орточо эмгек акы 55 525 сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,4 %га көп.
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргендей, айлык акынын олуттуу жогорулашы искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, айыл чарба, курулуш жана башка тармактарында байкалган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу