Асыл тукум мал чарбасын колдоого 3% менен кошумча 271 млн сом бөлүндү

Асыл тукум мал чарбасын колдоого 3% менен кошумча 271 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жыл аягына чейин 3 пайыздык үстөк менен кошумча 271 млн сом жеңилдетилген насыя берилет. Каражат мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-ноябрындагы №875-т тескемесине ылайык, бул каражат "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу берилет.

Фермерлер насыя алуу үчүн IDYIKAN тиркемеси аркылуу онлайн арыз тапшыра алышат. Ал үчүн тиркемеге кирип, "Кызматтар" бөлүмүнөн "Агрокредиттөө" багытын тандап, тиешелүү насыя түрүнө электрондук өтүнмө жөнөтүү керек.

Жеңилдетилген насыя ири мүйүздүү малдын, топоздун, жылкынын, койдун жана эчкинин көрсөтүлгөн асыл тукум породаларын сатып алууга каралган. Аны асыл тукум заводдор жана фермалар, мал импорттоочулар, техник-осеменаторлор, ошондой эле асыл тукум мал өстүргөн фермердик чарбалар менен жеке ишкерлер ала алышат.

Насыянын шарттары жана талаптары тууралуу кошумча маалыматты "АБанк" жана "Элдик Банк" мекемелеринен алууга болот.

Эске салсак, быйыл асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн фермерлерге 3%дын чен менен жалпы 1 млрд 232 млн сом насыя берилип, өлкө боюнча 200дөн ашык фермерлер насыя алганын мал чарбачылык жана ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаров билдирген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Түптө наркы 155 миллион сомду түзгөн мектеп курулууда

Фермерлер айыл чарба техникасын 6% үстөк менен лизингге ала алышат

Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык үчүн үч жаран айыпка жыгылды

Канттагы жолду курууда жаңы технология колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөлдү

Жаңы концепция боюнча Каракол айыл аймагы пилоттук режимде сыналышы мүмкүн