Канттагы жолду курууда жаңы технология колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөлдү
Кыргызстанда жол курууда алгачкы жолу пилоттук негизде ресайклинг технологиясы колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Кант–АБЗ автомобиль жолунун 5 чакырымдык бөлүгүндө жаңы технологиянын негизинде иштер жүргүзүлгөн.
"Салттуу ыкма менен реконструкциялоого 90 млн сом талап кылынса, ресайклинг технологиясы менен 70 млн сом жумшалды. Алдын ала эсеп боюнча 20 млн сом үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деди министр.
Бул технологиянын негизги артыкчылыгы эски жолдун материалдарын кайра иштетип, жаңы жол курууда пайдалануу. Мунун эсебинен жаңы материалдарга болгон муктаждык азайып, курулуш чыгымдары оптималдаштырылат.
"Пилоттук долбоордун техникалык жана экономикалык жыйынтыктары оң бааланса, бул технологияны өлкөбүздүн башка автомобиль жолдорунда да кеңири колдонуу пландалууда", - деген министр.
Маалымат үчүн: Ресайклинг технологиясы — бул колдонулган калдыктарды (таштандыларды) кайра иштетип, алардан жаңы чийки зат же даяр продукция өндүрүү процесси.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу