Фермерлер айыл чарба техникасын 6% үстөк менен лизингге ала алышат

Фермерлер айыл чарба техникасын 6% үстөк менен лизингге ала алышат

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникасын жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жабдууларды жеңилдетилген шартта лизингге берүү долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүп, ага 45 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылган.

Министрликтинн маалыматына ылайык, техниканы 7 жылга чейинки мөөнөткө, жылдык 6 %дык үстөк менен алууга болот. Каржылоо "АБанк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу жүргүзүлөт.

Долбоор айыл чарбасын заманбап техника менен камсыздоого, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана фермерлердин кирешесин жогорулатууга багытталган.

Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга белгиленген. Ал эми жалпы ишке ашыруу мөөнөтү 2050-жылга чейин каралган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык үчүн үч жаран айыпка жыгылды

Канттагы жолду курууда жаңы технология колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөлдү

Жаңы концепция боюнча Каракол айыл аймагы пилоттук режимде сыналышы мүмкүн

Түрк мамлекеттери бажы жана соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулады

"Макмал Голд Компани" ЖЧКсы 9 айда 3 млрд сом киреше тапты