Түптө наркы 155 миллион сомду түзгөн мектеп курулууда

Түптө наркы 155 миллион сомду түзгөн мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 155 миллион сомду түзөт.

Курулуш министрлиги билдиргендей, мектептин курулушу 2025-жылдын ноябрь айында башталган.

Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имарат тургузулуп, ички шыбак иштери жүргүзүлүүдө.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 3036 чарчы метрди түзүп, төрт блоктон турат. Мектепте негизги окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан текшерилип, көзөмөлгө алынууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Фермерлер айыл чарба техникасын 6% үстөк менен лизингге ала алышат

Жалал-Абадда мыйзамсыз аңчылык үчүн үч жаран айыпка жыгылды

Канттагы жолду курууда жаңы технология колдонулуп, 20 млн сом үнөмдөлдү

Жаңы концепция боюнча Каракол айыл аймагы пилоттук режимде сыналышы мүмкүн

Түрк мамлекеттери бажы жана соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулады