Бала-Саруу ГЭСине кичи гидроагрегат орнотулду
Бала-Саруу ГЭСине 5 МВт кубаттуулугундагы кичи гидроагрегатты орнотуу иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу «Чакан ГЭС» ишканасы билдирди.
Мындан тышкары, ГЭС аймагында алгылыктуу иштер аткарылды:
· ГЭСтин имараты курулуп,
· 110 кВ чыңалуусундагы элегаздык изоляциясы менен жабык бөлүштүрүүчү түзмөк монтаждалып,
· жалпы кубаттулугу 32 000 кВА түзгөн эки күч трансформатор орнотулуп,
· 110 кВ чыңалуусундагы 6,7 чакырым узундуктагы "Бала-Саруу-Кара - Арча" жана "Бала-Саруу-Покровка” аба электр чубалгылары жана
· 360 метр узундуктагы басым түтүктөрү курулуп, пайдаланууга берүүгө даяр.
· Ошондой эле, чыгуу каналын куруу иштери да соңуна чыкты.
Учурда адистер жабдууну ишке киргизүү боюнча жөндөө жумуштарын соңуна чыгарып, жабдууларды сыноодон өткөрүүдө.