Бишкекте электр тармагынын оңдоп-түзөө иштери башталды

Бишкекте электр тармагынын оңдоп-түзөө иштери башталды

Күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата оңдоо иштеринин планына ишенимдүү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн керектүү материалдар жана иш-чаралар киргизилген. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу үчүн быйыл ишкана 2 күч автотрансформаторун жана 37 комплект 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчордонду алмаштырат.

Ошондой эле Бишкек электр тармактар ишканасы 220/110/35-10 кВ жогорку чыӊалуудагы 48 көмөкчордондордо оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүзөт, 220/110/35 кВ чыңалуудагы 552,32 км аба чубалгыларын жана 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 2230,3 км аба чыбалгыларын оңдойт, 1863 комплект трансформатордук көмөкчордондорду учурдагы оңдоо иштерин жүргүзөт.

Мындан тышкары ишкана 10 кВ чыңалуудагы 5,64 км аба чубалгыларын жана 6-0,4 кВ чыңалуудагы 64,72 км аба чубалгыларын өзүн өзү кармап туруучу зымдарды (СИП) колдонуу менен реконструкциялоону пландаштырган.

Белгилей кетсек, электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жабдуулардын үзгүлтүксүз иштөөсүнөн гана эмес, көп нерсе электр берүү чубалгысынын боюндагы трассанын абалынан да көз каранды. Анткени, көп учурда өсүп, зымдарга кулаган дарактар өчүрүүлөрдүн себеби болуп калат. Бишкек ЭТИ боюнча оңдоо иштеринин жүрүшүндө 410,4 км электр берүү чубалгыларынын боюндагы трассадагы бак-дарактар кыркылат.

Бишкек электр тармактар ишканасы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болушу мүмкүндүгүн эскертет жана керектөөчүлөрдөн жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Пландаштырылган электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу маалымат компаниянын сайтында, социалдык тармактардагы баракчаларында жана ЖМКларда жарыяланып турат.

Мындан тышкары окуңуз

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

Баткен районундагы “Тегирмен башы” мамлекеттик эчки чарбасына Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев тиешелүү адистер менен биргеликте иш сапары менен барып, чарбанын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары менен таанышты.  Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, асыл тукум иштеринин жүрүшү, малдын саны,

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов кытайлык "Hebei Lugang Group" компаниясынын төрагасы Лю Руйляо баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Жолугушууда Баткендин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар жана артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берилди. Кытайлык өкүлдөргө “Достук” эл аралык соода-логистикалык паркы, заманбап көп кабаттуу

Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Башкы прокуратуранын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде эл аралык издөөгө жарыяланган эки шектүүөлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Маалыматка ылайык, алардын бири – Америка Кошмо Штаттарынан жеткирилген Ы.М. – алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын

Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Суу районунда 24-июнда кечки саат 21:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече бөлүгү жабыркаган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги берген маалыматка ылайык, жерине №45 Жол эксплуатациялоо мекемесинин атайын техникасы ыкчам тартылып, тазалоо иштери