Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Суу районунда 24-июнда кечки саат 21:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече бөлүгү жабыркаган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги берген маалыматка ылайык, жерине №45 Жол эксплуатациялоо мекемесинин атайын техникасы ыкчам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жолдогу эки тараптуу каттам толугу менен калыбына келтирилди.

Ошондой эле Кара-Сөгөт айыл аймагында да сел жүрүп, бул аймактагы унаа жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музей жаңылат

Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музей жаңылат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нарындагы “Кара-Тал Жапырык” жана Нарын мамлекеттик жаратылыш коруктарына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө Нарын жаратылыш коругунда жайгашкан музейди жаңыртуу маселеси көтөрүлдү. Музей 2016-жылдан бери кароосуз калып, ичиндеги экспонаттардын жана имараттын абалы начарлап кеткен.

Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу ачылды

Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу ачылды

24-июнда саат 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда нөшөрлүү жамгырдан кийин, Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 58+200 чакырымында сел жүргөн. Натыйжада унаа кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учураган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматынын айтымына караганда, министрликтин №959 Жол эксплатациялоо мекемеси тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюуга ыкчам түрдө атайын

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

Баткен районундагы “Тегирмен башы” мамлекеттик эчки чарбасына Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев тиешелүү адистер менен биргеликте иш сапары менен барып, чарбанын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары менен таанышты.  Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, асыл тукум иштеринин жүрүшү, малдын саны,

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов кытайлык "Hebei Lugang Group" компаниясынын төрагасы Лю Руйляо баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Жолугушууда Баткендин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар жана артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берилди. Кытайлык өкүлдөргө “Достук” эл аралык соода-логистикалык паркы, заманбап көп кабаттуу