Энергетика министри “Газпромго” каржылоону 1,5 млрд сомго көбөйтүүнү сунуштады

Энергетика министри “Газпромго” каржылоону 1,5 млрд сомго көбөйтүүнү сунуштады

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 7–10-октябрда Санкт-Петербургда өтүп жаткан XIV эл аралык газ форумуна катышууда. Иш-чаранын алкагында ал “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушту.

Министрликтен билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанга газдын жеткирилиши жана «Газпром Кыргызстан» ишканасынын Кыргызстандын газ ташуу жана бөлүштүрүү системаларын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча аракеттери талкууланды. Ошондой эле газды камсыз кылуу боюнча инвестицияны көбөйтүү, күйүүчү жана майлоочу материалдар боюнча маселе көтөрүлдү.

Ибраев жылдык каржылоону 1,5 миллиард сомго чейин көбөйтүү, газдын баасын туруктуу кармоо жана калкты үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу сунушун берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен “Газпром” кызматташууну улантып, кышында газ менен туруктуу камсыз кылуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Маалымат үчүн:
Кыргызстанда жаратылыш газын импорттоо жана бөлүштүрүү иштерин “Газпром Кыргызстан” компаниясы жүргүзөт. Бул компания — Орусиянын “Газпром” ишканасына таандык.

Мындан тышкары окуңуз

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Кеминде Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуп, алар иштеп жаткан эски имараттын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министрдин айтымында, өлкө боюнча ведомствого караштуу бардык административдик имараттар акырындап жаңыланууда.

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстандагы жаңы Салык кодексинин нормалары казак, кыргыз бизнесине кандай таасир этет?

Казакстанда жаңы Салык кодексинин нормалары боюнча иштөөгө даярдык көрүлүп жатат. Ал 2026-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Өлкөнүн айрым ишкерлери бул жаңы нормалар орто класска жана экономикага сокку болот деп айта башташты. Ал тургай казак ишкерлери муну “чакан жана орто бизнеске каршы глобалдык саясат” дешип, документти “жазалоочу китеп” атап жиберишти.  Казакстандын

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 9 айда 8,3%га кыскарды

2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстаннын тышкы соода жүгүртүүсү 11,3 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3%га азайды. Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 18,9%, импорттун үлүшү 81,1% болуп белгиленди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Тышкы жана өз ара сооданын төмөндөшү экспорттун да, импорттун

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Кыргызстанда орточо маяна 9 айда 42 757 сомго жетти

Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 42 757 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,5 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,9 %га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын январь-сентябрь номиналдык