Ат-Башыда электр тармактарынын жаңы имараты ачылды

Ат-Башыда электр тармактарынын жаңы имараты ачылды

14-ноябрда, энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусунда иш сапар менен болуп, бир катар объектилердин абалы менен таанышып, айрымдарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында министр Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты. Өткөн жылы министрликтин тапшырмасы менен курулушу башталган имарат алты ай ичинде толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

360 м² аянттагы эки кабаттуу имарат 70 кызматкерге ылайыкташтырылып, заманбап шарттар менен жабдылды. Долбоордун наркы 25 млн 326 миң сомду түзүп, каржылоо “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтарабынан жүргүзүлдү. Курулуш иштерин “Стрим Групп” ЖЧК аткарды. Мындан сырткары, долбоордо 273 м²кошумча гараж жана чарбалык имарат да каралган.

Министр Ибраев өз сөзүндө жаңы объект аймактагы энергетикалык кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, кызматкерлердин иш шартын өстүрөөрүн белгиледи.

“Энергетика тармагындагы реформалардын натыйжасы катары бүгүн Ат-Башыда заманбап имарат ачылып жатат. Бул – калкты сапаттуу тейлөөгө жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө чоң салым. Биздин негизги милдет — калкты кыш мезгилинде үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылуу”, — деди министр.

Иш сапар учурунда министр ошондой эле жакында пайдаланууга берилген Нарын райондук электр тармагынын имаратына да барып, кызматкерлерге түзүлгөн шарттар жана облус боюнча электр керектөө боюнча ыкчам маалыматтар менен таанышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы