Бишкекте 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Бишкекте 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Быйыл Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Алар:

  • 110/10 кВ "Көк-Жар" көмөк чордону - 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулука;
  • 110/10 кВ "Орто-Алыш" көмөк чордону – 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулукка;
  • 110/10 кВ "Алтын-Казык" көмөк чордону - 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка;
  • 110/10 кВ "Берлик" көмөк чордону - 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка;
  • 35/10 кВ "Водоконал" көмөк чордону – 6,3 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 МВА кубаттуулукка:
5 көмөк чордонго жалпы 146 МВА кубаттуулук кошулуп, аймактарда калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо жолго салынды. Жыл аягына чейин дагы 2 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.

Жабдыктарды жаңылоо, көмөк чордондордун кубаттулуктарын жогорулатуу иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде жана каскаддык ыкма менен ишке ашырылып жатканы айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы