Баткен электр тармактары күз-кышка толук даярдык көрдү

Баткен электр тармактары күз-кышка толук даярдык көрдү

Баткен электр тармактар ишканасы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин толугу менен аткарды. “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы аба чубалгыларын оңдоп-түзөө, эски жабдууларды жаңылоо жана жаңы көмөк чордондорду куруу иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрдү.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, облустун бардык аймактары жана шаарлары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалды. Жаңы конуштарга электр тартылып, көчөлөр жарыктандырылды, ал эми эски алюминий зымдар заманбап СИП зымдарга алмаштырылды. Ошондой эле акылдуу эсептегичтер орнотулуп, трансформаторлор жана аба чубалгылар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Бул иштер кыш мезгилинде электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Баткен РЭТ калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди.  Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы 300 миң рубль деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат.  Атактуу роман алгач

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен