"Ала-Арча" паркындагы жаңы трансформатордун курулушу 95%га аяктады

"Ала-Арча" паркындагы жаңы трансформатордун курулушу 95%га аяктады

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын маалымат кызматы билдиргендей, энергетиктер "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында 10/0,4 кВ жаңы трансформатордук көмөк чордонун куруу иштери 95%ы бүткөрүлдү. Объект жакынкы күндөрү ишке берилет.

Бул долбоор Энергетика министрлигинин калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо жана туризмди өнүктүрүү багытындагы тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында аткарылууда. Жаңы трансформатор А-фрейм үйлөрүн, конок үйлөрүн жана асма жолдорду электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жол ачат. Натыйжада улуттук паркка келген туристтер үчүн шарттар кыйла жакшырмакчы.

Курулуш иштеринин алкагында Ак-Сай капчыгайында катаал шарттарга карабай чоң көлөмдөгү иштер аткарылды:
— 1 чакырым траншея казылып, кабель чубалгылары салынды;
— тоонун жонуна 30 даана темир бетон мамы орнотулду;
— 2 чакырым СИП аба чубалгылары тартылды;
— 6300 кВА кубаттуулуктагы 1 трансформатор жана 2500 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор орнотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке