Энергетика министрлиги: Энергияны үнөмдөө жөнөкөй кадамдардан башталат
Энергетика министрлиги калкты электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган кезектеги кайрылуусун жарыялады.
Электр энергия — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги булагы. Бүгүн аны канчалык туура пайдалансак, эртеңки күндүн туруктуулугу ошондон көз каранды. Өчүрүлгөн ар бир лампа, үнөмдүү колдонулган ар бир шайман — бул майда кадам эмес, өлкөнүн энергосистемасын ишенимдүү кармоого кошулган чыныгы салым, деп айтылат министрликтин маалыматында.
Электрди үнөмдөө үй-бүлөлүк бюджетти коргойт, системадагы жүктү азайтат жана Кыргызстандын энергетикасынын туруктуулугун бекемдейт. Энергияны сарамжалдуу пайдалануу жөнөкөй аракеттерден башталат — дал ушул аракеттер жоопкерчиликтүү жана күчтүү келечекти түзөт, деп белгиленет маалыматта.