Түрк мамлекеттер уюмунун энергетика министрлери негизги долбоорлорду аташты

Түрк мамлекеттер уюмунун энергетика министрлери  негизги долбоорлорду аташты

Стамбулда өткөн жолугушууда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) энергетика министрлери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бир катар маанилүү долбоорлорду белгилешкенин уюмдун басма сөз кызматы маалымдады.

Анда негизги долбоорлор катары төмөнкүлөр көрсөтүлдү:
  • нефть жана газ куурлары (Баку — Тбилиси — Жейхан, Түштүк-Кавказ кууру, TANAP, TAP, Ыгдыр — Нахичеван газ кууру);
  • Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын “жашыл” энергияны өнүктүрүү жана берүү боюнча стратегиялык кызматташуусу;
  • "Камбар-Ата-1" ГЭСи;
  • Кара деңиз алдынан өтүүчү, кайра жаралуучу булактардан өндүрүлгөн электр энергиясын экспорттоого арналган кабель долбоору.

Энергетикалык жана транспорттук интеграцияланган тармактар туруктуу жеткирүүлөрдү камсыз кылууда, энергия ресурстарынын соодасын кеңейтүүдө жана түрк аймагындагы геосаясий туруктуулукту бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.

Жолугушуу учурунда ТМУ өлкөлөрүнүн салттуу, кайра жаралуучу энергия ресурстарын жеткирүүдө чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экени жана Азия менен Европанын кесилишинде стратегиялык позицияны ээлегени баса айтылды.

ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык потенциалын гана эмес, Европанын жана коңшу региондордун энергетикалык коопсуздугун да бекемдей турган демилгелерди өнүктүрүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйында тараптар 2023–2027-жылдарга карата Энергетикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу ниетин дагы бир жолу тастыкташты. Кийинки министрлердин жыйыны 2026-жылы Өзбекстанда өтөт.

ТМУнун курамына Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Түркмөнстан — байкоочу.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

2026-жылы Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 75 ишкананы ишке киргизүү пландалып жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, ишканалардын тизмеси ар бир региондун өзгөчөлүктөрү жана чийки зат базасынын жетиштүүлүгү эске алынуу менен түзүлгөн. Мындан тышкары, 2030-жылга

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

2026-жылдагы бюджетте ирригациялык объектилерди оңдоого 12,3 млрд сом каралганын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында МинКаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 776 чакырым каналдарды оңдоп-түзөө жана

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү болорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы 40 миң тонна дизель майы жана 9,7 миң

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февралда жыл ичиндеги экинчи интервенцияны жасап, валюта базарына 109 млн 950 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 19-январда 134 млн 50 миң доллар саткан. Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 млн доллар саткан. Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо