Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февралда жыл ичиндеги экинчи интервенцияны жасап, валюта базарына 109 млн 950 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 19-январда 134 млн 50 миң доллар саткан.

Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 млн доллар саткан.

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Мындан тышкары окуңуз

Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Талас облусунун Талас районунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны көбөйүүдө. Учурда райондо малина жана ежемалина 12 гектардан ашык аянтка эгилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Талас районунда жалпы 35 миң 326 гектар айдоо жери бар. Акыркы жылдары жергиликтүү дыйкандар аймактын климаттык шартына ылайыкташкан малинанын ар түрдүү сортторун

Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды

Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды

УКМКнын кызматкерлери 16-августта ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Ак-Тилек автожол” өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Мамлекеттик Чек ара кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн коммерциялык жүктөрдү ташыган оор жүк ташуучу унаалардын Кыргызстандын аймагына

Кыргыз-вьетнам мамилелерин чыңдоо багыттары талкууланды

Кыргыз-вьетнам мамилелерин чыңдоо багыттары талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 17-августта Вьетнамдын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атаайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нгуен Тхань Лени кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Медер Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгү кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары чыңдоого жана

Новопокровкадагы мурдагы оорукана 100 орундуу жаңы төрөт үйүнө айланат

Новопокровкадагы мурдагы оорукана 100 орундуу жаңы төрөт үйүнө айланат

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылындагы мурдагы оорукананын имаратында жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң, ал жерге 100 орундуу облустук төрөт үйү жайгаштырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришти. Маалыматка ылайык, мартта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов аталган мекемеге барып, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышкан. Бүгүнкү күндө имаратты оңдоо