Баткенде жаңы конуштар электр менен толук камсыз болду

Баткенде жаңы конуштар электр менен толук камсыз болду

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев облус калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайы, акыркы жылдары Баткенде эскирген электр тармактары жаңыртылып, жаңы көмөк чордондор курулду, акылдуу эсептегичтер орнотулуп, көчөлөр толугу менен жарыктандырылды.

Чек арадан көчүрүлгөн тургундар жашаган Жаңы-Достук, Раззаов жана Максат айылдары кыска мөөнөттө электр менен камсыз болду. Ошондой эле Баткен шаарындагы “Жаңы-Достук” айылы, Асман-1, Асман-2 ипотекалык үйлөр, “Баткен Сити” конушу, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадион жана Бужум айылы жаңы 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордону аркылуу электр энергиясына туруктуу кошулду.

Абдирашит Ташбалтаев белгилегендей, курулган чакан ГЭСтер жана энергетика тармагындагы пландалып жаткан долбоорлор облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир берип, калкты жана мекеме-ишканаларды сапаттуу электр менен камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

2026-жылы Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 75 ишкананы ишке киргизүү пландалып жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, ишканалардын тизмеси ар бир региондун өзгөчөлүктөрү жана чийки зат базасынын жетиштүүлүгү эске алынуу менен түзүлгөн. Мындан тышкары, 2030-жылга

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

2026-жылдагы бюджетте ирригациялык объектилерди оңдоого 12,3 млрд сом каралганын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында МинКаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 776 чакырым каналдарды оңдоп-түзөө жана

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү болорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы 40 миң тонна дизель майы жана 9,7 миң

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февралда жыл ичиндеги экинчи интервенцияны жасап, валюта базарына 109 млн 950 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 19-январда 134 млн 50 миң доллар саткан. Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 млн доллар саткан. Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо