Энергетика министрлиги III Элдик курултайда көтөрүлгөн кайрылууларды аткарууда

Энергетика министрлиги III Элдик курултайда көтөрүлгөн кайрылууларды аткарууда

III Элдик курултайда делегаттар тарабынан Энергетика министрлигине жалпысынан 59 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылуулардын көбү көмөк чордондорун куруу жана жаңылоо, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу, эски электр мамыларын алмаштыруу, газдаштыруу, чакан ГЭС куруу жана жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоого байланыштуу болгон.

Учурда 8 кайрылуу толугу менен аткарылды. Калк жыш жайгашкан аймактарда көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылып, кошумча трансформаторлор орнотулуп, эски жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылды.

Ошондой эле 41 кайрылуу боюнча иштер уланууда, ал эми 10 кайрылууну аткаруу мүмкүн эмес экени белгиленди. Бул негизинен чакан ГЭС куруу, газдаштыруу жана документтери толук бүтө элек конуштарга байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

2026-жылы Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 75 ишкананы ишке киргизүү пландалып жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, ишканалардын тизмеси ар бир региондун өзгөчөлүктөрү жана чийки зат базасынын жетиштүүлүгү эске алынуу менен түзүлгөн. Мындан тышкары, 2030-жылга

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

2026-жылдагы бюджетте ирригациялык объектилерди оңдоого 12,3 млрд сом каралганын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында МинКаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 776 чакырым каналдарды оңдоп-түзөө жана

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү болорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы 40 миң тонна дизель майы жана 9,7 миң

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февралда жыл ичиндеги экинчи интервенцияны жасап, валюта базарына 109 млн 950 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 19-январда 134 млн 50 миң доллар саткан. Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 млн доллар саткан. Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо