Былтыр Бишкекте жалпы 28 миң акылдуу электр эсептегич орнотулган

Былтыр Бишкекте жалпы 28 миң акылдуу электр эсептегич орнотулган

Энергетика министрлигинин демилгеси менен Бишкек электр тармактар ишканасы — "КУЭТ" ААКнын филиалы электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму (АСКУЭ) боюнча акылдуу эсептегичтерди орнотуп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

АСКУЭ эсептегичтерин орнотуунун негизги максаты — электр энергиясын натыйжалуу бөлүштүрүү, көзөмөлдү күчөтүү жана керектөөнү так эсепке алуу.

2025-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын райондорунда жалпы 28 миң даана акылдуу эсептегич орнотулду:

• Ленин району — 9 140 даана
• Свердлов району — 4 659 даана
• Биринчи Май району — 11 742 даана
• Октябрь району — 2 374 даана

Мындан тышкары, 2026-жылы 42 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда.

Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:
• көрсөткүчтөрдү серверге реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө өткөрүп берет;
• керектөө белгиленген кубаттуулуктан ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
• дебитордук карыз болгон учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайра күйгүзөт;
• эсептегичке тыштан кийлигишүү аракети аныкталганда дароо кабар берет;
• жеткирилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
• электр энергиясын уурдоонун коркунучтарын азайтып, контролёр менен керектөөчүнүн түз байланышына болгон муктаждыкты кыскартуу аркылуу адам факторун жокко чыгарат;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз