"Газпром Кыргызстан" газ эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн берүүнү эскертти

"Газпром Кыргызстан" газ эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн берүүнү эскертти

Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган айрым абоненттер газ эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүн азыркыга чейин өткөрбөй жатышканын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ар бир абонент табигый газды жеткирүү жана пайдалануу эрежелерине ылайык эсептегичтин көрсөткүчтөрүн ай сайын өткөрүп турууга милдеттүү. Компания көрсөткүчтөр өзгөрбөсө да, аларды сөзсүз түрдө тапшыруу керектигин эскертет.

"Эгерде абонент үйүндө жашабай, узак убакыт бою газ колдонбосо, бул тууралуу gazprom.kg сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу же мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арыз калтырып, кабарлашы зарыл", — деп билдиришти компаниядан.

Колдонуудагы эрежелерге ылайык, көрсөткүчтөр берилбеген учурда төлөм орточо айлык керектөөнүн негизинде эсептелет. Эгерде эсептегичтен маалымат үч айдан ашык убакыт өткөрүлбөсө, "Газпром Кыргызстан" керектөөнүн көлөмүн бекитилген нормативдер боюнча эсептөөгө укуктуу. Бул кийинчерээк кайра эсептөө зарылдыгын жаратышы мүмкүн.

Ашыкча түйшүктөрдөн сактануу үчүн эсептегичтин көрсөткүчтөрүн ар айдын 15инен 30уна чейин өткөрүп туруу сунушталат. Аны төмөнкү жолдор менен жасоого болот:

  • "Газпром Кыргызстан" мобилдик тиркемеси аркылуу;
  • gazprom.kg сайтындагы абоненттин “жеке кабинети” аркылуу;
  • 4444 байланыш борборунун телефону аркылуу (уюлдук телефондон чалуу акысыз);
  • WhatsApp номери: 0701 68 07 07;
  • Telegramдагы @gazpromkg_bot чат-боту аркылуу.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га