Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 2025-жылы 7%га өскөн
Өлкөдө чакан ГЭСтерди жана ЖЭБдерди кошкондо жылына 14 млрд 500 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлөрүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, учурда электр энергиясына болгон муктаждык 20 млрд кВт саатка жакын болуп, тартыштык 4 млрд 300 млн кВт саатты түзөт.
"2025-жылы жетишпеген электр энергиясы Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Россиядан импорттолду. Бизде кубаттуулукту кошконго караганда, электр энергиясын керектөө күндөн-күнгө өсүп жатат. Жыл сайын электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп, быйылкы эсеп менен керектөөнүн өсүшү 7 %дан ашты. Жалпы КМШ өлкөлөрү боюнча алсак, Россияда керектөө 1,5–3%га чейин көтөрүлөт. Ал эми бизде керектөөнүн өсүшү 7%дан ашып кетти”, — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал 2026-жылга жетишпеген электр энергиясы боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүп, импорттоо жолу менен камсыздоо иштери да пландалып жатканын кошумчалады.