Кыргыз түрк энергетика өкүлдөрү "Казарман ГЭС каскадын" курууну талкуулашты

Кыргыз түрк энергетика өкүлдөрү "Казарман ГЭС каскадын" курууну талкуулашты

Энергетика министри кечээ Таалайбек Ибраев "Орто Азия Инвестициялык Холдинги" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Гезер Селчук, башкармалыктын төрагасы ⁠ Сур Мухаммет Халук, анын ⁠орун басары Тариель Эрмеев жана компаниянын бир катар өкүлдөрү менен жолукканын "Кабар" жазды.

Жолугушууда Казарман ГЭС каскадын куруу долбоорлорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча маселелер талкууланып, бет ачары көрсөтүлгөн.

Тараптар долбоорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды, ошондой эле учурдагы инвестициялык макулдашуулардын алкагында координациялоо жана өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Таалайбек Ибраев бул долбоордун өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, энергетика тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн стратегиялык маанисин баса белгилеп, аталган долбоор өз убагында ишке ашырылы керектигин билдирди. 

Эскерте кетсек, 2025-жылы 2-августта "Казарман ГЭС каскадын куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча министрлер кабинети менен "Орто Азия Инвестициялык Холдинги" ААКтын ортосунда инвестициялык келишимдерге кол коюлган. "Орто Азия Инвестициялык Холдинги" ААК каскаддын 3 ГЭСин курат:

  • Ала-Буга ГЭСи - 600 МВт;
  • Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт;
  • Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ.

Аталган келишимге ылайык инвестициянын болжолдуу көлөмү 3 млрд долларды түзөт. Долбоорлорду мамлекеттин финансылык катышуусуз инвестордун өздүк каражаттарынын эсебинен 100% ишке ашыруу каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз