Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү

Конвекторлор менен иштеген мектептерди жылытуу маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева  Шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында учурда борбор калаада 119 мектеп жана 120 бала бакча бар экенин билдирди.

Алардын ичинен:

  • 130 билим берүү мекемеси борборлоштурулган жылуулукка,
  • 54 мекеме газ менен,
  • 46 мекеме электр казандары (электрокотельная) аркылуу,
  • 15 мекеме көмүр менен,
  • 5 мекеме жылуулук насостору аркылуу жылытылат.

Депутаттын маалыматына караганда, учурда №84 мектеп имараты класстарды жылытуу үчүн электр конвекторлорун колдонуп келет. Бул система боюнча жылуулук борборлоштурулган түтүктөр аркылуу эмес, электр энергиясы менен иштеген радиаторлор аркылуу берилет. Бирок бул окуу процессинде айрым кыйынчылыктарды жаратууда.

"Бир жагынан бул туура — электр энергиясын үнөмдөө керек. Бирок экинчи жагынан, балдар суук класста отуруп калышууда", — деди Шаардык кеңеш депутаты Эржан Насиралиев. Ал быйылкы жылы мындай мектептерди газ менен жылытууга өткөрүү пландары бар-жогун сурады.

Рахат Мусаева жооп берип жатып, учурда №83, №84 мектептер жана №41 бала бакча электр конвекторлор аркылуу жылытыларын билдирди. Анын айтымында, аталган билим берүү мекемелерин газ менен жылытууга өткөрүү же борборлоштурулган жылуулукка кошуу маселеси боюнча "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасына расмий кат жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз