Былтыр Кыргызстанда 8 чакан ГЭС ишке киргизилген

Былтыр Кыргызстанда 8 чакан ГЭС ишке киргизилген

Былтыр республика боюнча жалпы кубаттуулугу 44,59 МВт түзгөн 8 чакан гидроэлектростанция (ЧГЭС) пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Алардын бири "Чакан ГЭС" ААКга таандык Кара-Көл ГЭСи 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылган.

Мындан тышкары, учурда "Чакан ГЭС" ААК тарабынан Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар ГЭСтеринин курулушу улантылууда. Бул объекттер ири ГЭСтердин жүгүн толук жеңилдетпесе да, энергетикалык коопсуздукту камсыздоого жана электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга олуттуу салым кошот.

Тактап айтканда, 2025-жылы чакан ГЭСтерден жалпы 400 млн кВт/сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын ичинен 2025-жылы ишке берилген 8 жаңы ЧГЭС тарабынан 41 млн кВт⋅сааттан ашуунэлектр энергиясы өндүрүлгөн.

Энергетика министрлиги жана "Чакан ГЭС" ААК чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү, жаңы объекттерди куруу жана иштеп жаткан ГЭСтердин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу багытындагы иштерди улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке