Көк-Арт РЭТи толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди

Көк-Арт РЭТи толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди

Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынакараштуу Көк-Арт РЭТинин жаңыланган имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Имарат 2025-жылдын март–ноябрь айларында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 112 кызматкергеылайыкталды. Долбоордун наркы 5,7 млн сомду түзүп, каражат “КУЭТ” ААКнын өздүк эсебинен каржыланды. Курулуш иштерин "Өмүр-Курулуш" ЖЧКсы аткарды.

Ачылышта министр Таалайбек Ибраев энергетика тармагын өнүктүрүүнүн негизги максаты генерацияны жогорулатуу экенин белгилеп, энергетиктер үчүн шарт түзүү жана калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүү биринчи орунда турарын айтты.

Ошондой эле Жалал-Абад ЭТине калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жаңы атайын техника тапшырылды.

Эске салсак, Көк-Арт РЭТинин имараты 1984-жылы курулуп, бүгүнкү күндө толугу менен заманбап талаптарга жооп берген шартка келтирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз