Быйыл Жалал-Абад облусунда 3534 даана мамыча орнотулат
Жалал-Абад облусунда 2026-жылдын март айынан ноябрь айына чейин энергетикалык инфраструктураны жаңылоонун алкагында 3 534 даана электр мамыча орнотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Бул иштер энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга жана тармактын техникалык базасын заманбап талаптарга шайкеш келтирүүгө багытталган. Жүргүзүлүп жаткан модернизация иштери авариялык өчүүлөрдү азайтып, жүктөмдөрдү туруктуу көтөрүүгө шарт түзөт жана керектөөчүлөргө сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүүгө өбөлгө болот.
Техникалык жаңылоо 10–0,4 кВ аба чубалгыларына 380 жаңы мамычанын орнотулушун жана 3 154 даана эскирген жыгач мамычаларды заманбап темир-бетон мамычалар менен алмаштырууну камтыйт. Жыгачтын ордуна бетон колдонуу тармакты тышкы факторлорго туруктуу кылып, пик жүктөмдөрдү көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Бардык керектүү буюмдар Базар-Коргон шаарындагы атайын цехте даярдалып, сапат жана жеткирүү мөөнөттөрү көзөмөлгө алынат.
Масштабдуу иштер облус аймагындагы негизги райондорду жана шаарларды — Аксыдан Чаткалга чейин — камтыйт.