Т.Ибраев: Калкты газ менен камсыздоого каражат сурайбыз

Т.Ибраев: Калкты газ менен камсыздоого каражат сурайбыз

Президентке калкты газ менен камсыздоо үчүн бюджеттен каражат бөлүүнү өтүнүшөрүн Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы болгондуктан калкты альтернативдүү булактар менен камсыздоо, тактап айтканда газ менен камсыздоо маселеси жаралууда.

"2025-жылдын жыйынтыгы боюнча калктын газ менен камсыздалышы 44%ды түздү, 100 чакырым газ түтүктөрү курулду. 2026-жылга карата 20 миң жаңы абонент кошулуп, жалпы абоненттер саны 444 миңге жетти. Газдын керектелиши 520 млн кубометрди түздү, бул беш жылдык көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп", — деп белгиледи министр.

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын отчетуна ылайык, жылдык капиталдык салымдар көлөмү 1,5 млрд сомду түзөт. Бирок калкты толук газ менен камсыз кылуу үчүн бул сумма жетишсиз. Ошондуктан биз өлкө президентинен ушул максаттарга бюджеттен каражат бөлүүнү өтүнөбүз", — деди Таалайбек Ибраев.

Ал ошондой эле 2026-жылы өкмөт беш турак жай массивин газ менен камсыздоону пландап жатканын кошумчалады. Бул массивдер: "Ак-Босого", "Энесай", "Жер ынтымагы", "Биримдик" жана "Селекция".

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү