Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү
Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду.
Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "Борбор Азияда электр энергия рыногун өнүктүрүү жана энергосистемаларды интеграциялоо" программасы — REMIT 2035-жылга чейин эсептелип, 1 млрд доллардан ашык каржылоону камтыйт.
Аталган программа аймак өлкөлөрүнүн энергетикалык өз ара байланышын чыңдоого, Борбор Азиядагы алгачкы регионалдык электр энергия рыногун түзүүгө, чек ара аралык электр соодасын кеңейтүүгө, электр өткөрүү линияларынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын бирдиктүү системага интеграциялоого багытталган.