Баткен облусунда быйыл 54 587 "акылдуу" электр эсептегичи орнотулат
Баткен электр тармактары ишканасы 2026-жылы облус боюнча 54 587 "акылдуу" эсептегичтерди (АСКУЭ) орноторун мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылат. Анын негизги максаты — энергетика секторун модернизациялоо, санариптик башкарууга өтүү жана электр энергиясын натыйжалуу колдонуу.
Жаңы эсептегичтердин район боюнча бөлүнүшү:
- Сүлүктү РЭС — 15 193
- Кадамжай РЭС — 14 530
- Лейлек РЭС — 14 105
- Кызыл-Кыя РЭС — 10 150
Баткен ПЭСте 130 668 катталган абонент бар. Алардын ичинен:
- 121 149 — үй-бүлөлүк (жеке) керектөөчүлөр
- 9 519 — коммерциялык эмес (бейбизнестик) керектөөчүлөр
2024–2025-жылдар аралыгында адистер облус боюнча 62 085 интеллектуалдык эсептегичти орнотушкан. Энергетиктер толугу менен Баткен жана Баткен району менен Кызыл-Кыяны АСКУЭ менен камсыз кылышкан.