"Ала Тоо резорт" тоо-лыжа комплексине 47 чакырым электр чубалгысы тартылат
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жыргалаң аймагындагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексин электр энергиясы менен камсыздоо иштерин текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал 35/10 кВ "Үч чоку" жана 35/6 кВ "Жыргалаң" көмөк чордонун, аймактагы электр тармактарынын абалын көрдү.
Мындан тышкары, Ак-Суу РЭТине караштуу жаңы ачыла турган Жыргалаң электр тармактар бөлүмүнүн имаратын текшерип, ал бөлүмдүн штат бирдигин карап чыгуу боюнча тиешелүү жетекчиликке тапшырма берди. Ошондой эле Ак-Суу РЭТин кызматтык унаа менен камсыздоону убадалады.
Андан соң министр жаңы курулуп жаткан Жыргалаң ГЭСинин курулушу менен да таанышып, долбоордун жүрүшү боюнча маалымат алды.
Ал долбоорлордун катарында 110 кВ "Пржевальск" көмөк чордонунан жаңы курула турган 110 кВ "Ала-Тоо резорт" көмөк чордонуна чейин узундугу 47 чакырым болгон аба чубалгысын куруу планы да бар. Долбоорлоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү келишим түзүлгөн, учурда электр мамыларынын чекиттерин тактоо жана макулдашуу иштери жүрүп жатат.