"Түндүк" уставдык капиталын 300 млн сомго көбөйтөт

"Түндүк" уставдык капиталын 300 млн сомго көбөйтөт

"Түндүк" уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлөрүн жана мындай чечимди жалгыз акционер кезексиз жалпы жыйын учурунда кабыл алганын Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Мамлекеттик "Түндүк" IT-компаниясы жүгүртүүдөгү акцияларынын санын 300 миңге көбөйтөт. Ар бир кошумча чыгарылыштагы акциянын номиналдык баасы 1 миң сомду түзөт. Эмиссиянын жалпы номиналдык баасы — 300 млн сом.

Буга чейин башкармалыктын төрайымы Адилет Жумаеванын ыйгарым укуктары токтотулган. Учурда "Түндүк" АККсынын башчысынын милдетин аткаруучу катары Талант Аманов дайындалган.

Кадрдык чечимди жалгыз акционер —санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов кабыл алган.

"Түндүк" ААКсы — Кыргызстандагы санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын электрондук өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылган мамлекеттик IT-компания.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media