Бишкекте 113 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт
Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо боюнча пландуу оңдоо иштери башталды. Министрликтин тапшырмасына ылайык, "НЭСК" ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы март айынан ноябрь айына чейин иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Пландалган иштердин алкагында:
- 113 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт;
- 10–6/0,4 кВ чыңалуудагы 51 чакырымдан ашык аба чубалгылары оңдолот;
- 6 кВ чыңалуудагы 5 чакырым аба чубалгысы СИП-3 зымдарына алмаштырылат;
- 10–6/0,4 кВ чыңалуудагы 2 чакырымдан ашык кабелдик чубалгы реконструкцияланат;
- 25 трансформатор кубаттуулугу жогору жабдууларга алмаштырылат;
- 2 даана шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон орнотулат.
Мындан тышкары, 575 трансформатор жана 560 чакырым аба чубалгылары кезектеги оңдоодон өткөрүлөт. Иш-чаралар "КУЭТ" ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Аталган иштер электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык кырдаалдарды азайтууга жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Пландалган жумуштардын графиги www.bipes.nesk.kg расмий сайтында жарыяланат. Ошондой эле маалыматтар "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткирилет.