"Түндүк" уставдык капиталын 300 млн сомго көбөйтөт
"Түндүк" уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлөрүн жана мындай чечимди жалгыз акционер кезексиз жалпы жыйын учурунда кабыл алганын Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Мамлекеттик "Түндүк" IT-компаниясы жүгүртүүдөгү акцияларынын санын 300 миңге көбөйтөт. Ар бир кошумча чыгарылыштагы акциянын номиналдык баасы 1 миң сомду түзөт. Эмиссиянын жалпы номиналдык баасы — 300 млн сом.
Буга чейин башкармалыктын төрайымы Адилет Жумаеванын ыйгарым укуктары токтотулган. Учурда "Түндүк" АККсынын башчысынын милдетин аткаруучу катары Талант Аманов дайындалган.
Кадрдык чечимди жалгыз акционер —санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов кабыл алган.
"Түндүк" ААКсы — Кыргызстандагы санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын электрондук өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылган мамлекеттик IT-компания.