Нарын районунда "Кур-Терек" көмөк чордону курулуп жатат
Нарын районунда 110/35/10 кВ "Кур-Терек" көмөк чордонунун курулушу башталганын Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кур-Терек аймагында жайгашкан "Нарын — Кашкар" индустриалдык паркында "Эки өлкө — эки парк" долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында учурда төрт өнөр жай ишканасынын курулушу жүрүп жатат. Аталган объекттердин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн кошумча электр кубаттуулугу талап кылынат.
Жаңы курулуп жаткан өнөр жай ишканаларын, турак жайларды жана социалдык объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында "Нарын электр тармактар" ишканасы пландалган иштердин параметрлерин кайрадан карап чыкты.
"Буга чейин пландалган 35 кВ "Кур-Терек" көмөк чордонунун ордуна, кубаттуулугу жогору болгон 110/35/10 кВ "Кур-Терек" көмөк чордонун куруу чечими кабыл алынды. Долбоор 2025-жылдын капиталдык курулуш планына киргизилип, анын алкагында узундугу 10,42 чакырымды түзгөн 110 кВ электр чубалгысы да курулат", — деп айтылат билдирүүдө.