Нарын облусунда 200 млн долларлык күн электр станциясы курулат
Нарын облусунун Кочкор районунда 325 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Турукташтыруу режимине кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте күн электр станциясын куруу жана аны андан ары эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу Турукташтыруу режимине кол коюлду.
Иш-чарага Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов катышты. Турукташтыруу режими "Солар Системс" ЖЧКсы жана "АСТ Империал" ЖЧКсы менен түзүлдү.
Долбоор Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында күн электр станциясын курууну карайт. Станциянын кубаттуулугу 325 МВт, ал эми алдын ала инвестициянын көлөмү 200 миллион АКШ долларынабааланууда.
Бул долбоордун ишке ашырылышы кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана экологиялык таза энергетиканы өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле курулуш жана эксплуатация этаптарында жаңы жумуш орундарын түзүп, Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасирин тийгизери күтүлүүдө.