Ысык-Көлдө "Тамга–Пржевальск" аба чубалгысы толугу менен жаңыланат
Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жаңылоо иштерин улантууда. Бул алкакта узундугу 80 чакырымды түзгөн 110 кВ "Тамга–Пржевальск" аба чубалгысы толук реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Аталган аба чубалгы Каракол шаарын, ошондой эле Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун электр энергиясы менен камсыз кылып келет. Долбоор ишке ашкан соң аймактагы калк, социалдык объектилер жана өндүрүш ишканалары туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздалат.
Реконструкциялоо иштерин 2026-жылдын аягына чейин толук аяктоо пландалууда. Бул аралыкта аба чубалгы толугу менен жаңыланып, заманбап техникалык талаптарга жооп берген инфраструктурага айланат.
Мындан тышкары, 2026-жылы 35–110–220 кВ чыңалуудагы жалпы узундугу 1411 чакырымды түзгөн аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. 1964-жылдары орнотулган жана эскилиги жеткен 5495 фарфор изолятор заманбап айнек изоляторлорго алмаштырылат. Бул иштер электр энергиясын жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.
Ошондой эле жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматтары 13 тирөөчтө суу ташкынына каршы алдын алуу иштерин жүргүзөт. Бул комплекстүү чаралар өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Суу ташкынына даярдык иштери жергиликтүү бийлик органдары, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу кызматтары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.


