"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам пайда болгон энергетикалык кризиске байланыштуу "чоң жетиликтин" (G7 – Англия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Японии) каржы министрлери мунай корлорунун (запастары) бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти. Бирок бул боюнча акыркы чечим али кабыл алына элек.
"Биз керектүү чараларды көрүүгө даярбыз, анын ичинде энергетикалык ресурстардын дүйнөлүк жеткирүүлөрүн колдоо үчүн, мисалы, мунай корлорду бошотуу аркылуу", — деп айтылат Франция 9-мартта уюштурган видеоконференциянын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө.
Ошол эле учурда француз тарап АКШ жана Израилдин Иранга каршы согушуна байланыштуу улуттук мунай резервдеринин бир бөлүгүн колдонуу боюнча чечим али кабыл алына электигин эскертти.
"Биз азырынча бул деңгээлге жете элекпиз", — деди Франциянын каржы министри Роланд Лескюр видеоконференциядан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип.
"Зарыл болсо рынокту турукташтыруу үчүн бардык керектүү каражаттарды колдонууга макулдаштык, анын ичинде резервдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн да карайбыз", — деп кошумчалады ал.
Лескюрдун айтымында, жакынкы күндөрү бул багыттагы иштер улантылып, мунай рыногундагы абал кылдат көзөмөлдөнөт. G7 тобунун жыйынына ошондой эле Эл аралык энергетикалык агенттик уюмунун(ЭЭА) башчысы Фатич Бирол да катышып, министрлерге дүйнөлүк мунай рыногундагы абалдын начарлап баратканы тууралуу маалымат берген.
ЭЭАга кирген 32 мамлекеттин карамагында 1,2 млрд баррелден ашык стратегиялык мунай кору бар. Мындан тышкары, дагы 600 млн баррелге жакын өнөр жай корлору бар.
ЭЭАга мүчө өлкөлөр адатта мындай стратегиялык мунай резервдерин кризистик кырдаалда — мунай рыногун турукташтыруу же жеткирүү тартыштыгына жооп берүү үчүн — бошотушат. Бирок мындай чара абдан сейрек колдонулат.
Ошол эле күнү Европа комиссиясы билдиргендей, жеткирүү чынжырларындагы айрым үзгүлтүктөргө карабастан, Европа өлкөлөрүндө мунай жана газдын запастары жетиштүү.