Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда
"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат.
Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор даярдоо жана жер тилкелерин бөлүп берүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле деривациялык тоннелди куруу үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтер, анын ичинде архитектуралык-шаар куруу корутундусу жана жардыруу иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу боюнча документтер даярдалууда.
Андан сырткары, Жашыл энергетика фондунун сынагына катышуу үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин алдын ала баалоо (ОВОС) иштелип чыгып, анын жыйынтыгында ГЭСтин курулушу үчүн жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзүлдү.
Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун жогорулатууга жана түштүк аймактарындагы электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет.