Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат

1-майдан тартып тарифтер өзгөргөнүнө карабастан, Кыргызстандагы калк электр энергиясынын чыныгы өздүк наркынын болгону 45%ын гана төлөрүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саатынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйын болуп эсептелет.

"1-майдан тартып тариф 1 сом 64 тыйын болот. Демек, жаңы тариф дагы азыркы учурдагы товардын чыныгы өздүк наркынын 45%ына гана туура келет", — деп түшүндүрдү Орозалиев.

Ал эми  "Улуттук электр тармактары компаниясы" ААКнын башкы директорунун орун басары Уларбек Дүйшө уулу Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери Борбор Азиядагы эң төмөн тарифтер бойдон калып жатканын белгиледи.

Ал коңшу мамлекеттердеги тарифтер менен салыштыруу келтирди:

  • Казакстан — 4,31ден 5,54 сомго чейин,
  • Өзбекстан — 4,30дан 7,30 сомго чейин,
  • Тажикстан — 3,16дан 3,60 сомго чейин бир киловатт-саат үчүн.

Эске салсак, 1-майдан тартып күчүнө кире турган жаңы тарифтер керектөөчүлөрдүн сегиз негизги категориясы боюнча бөлүштүрүлгөн. Алардын ичинде калк, өнөр жай ишканалары жана бюджеттик мекемелер бар.

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин энергетика системасын өзүн-өзү актаган деңгээлге чыгарууну пландап жатат. Бул үчүн "жашыл" каржылоону тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ош шаарындагы төрт муниципалдык ишкана Финансы министрлигине күрөөгө коюлганын түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, күрөөгө коюлган мүлктөрдүн тизмесине төмөнкү ишканалар кирген: * шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты; * Ош муниципалдык автотранспорт ишканасы; * Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы; * Ош автовокзалы муниципалдык ишканасы. "Өткөн жылы  Финансы

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамын 20-март, жума күнүнө дал келе тургандыгын маалымдады. Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган. Мындан сырткары, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгилене тургандыгын Муфтияттан кабарлашты. Орозо айттын урматына карата кийинки жумада кыргызстандыктар 3 күн дем