CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди
Тажикстан менен Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга даяр экенин "Биринчи радио" эфиринде долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору Азим Молдокеримов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан аймагынан 456 чакырым электр берүү линиясы (ЛЭП) өтөт. Ал Датка подстанциясынан (Жалал-Абад облусу) башталып, Ош облусу жана Баткен облусу аркылуу өтөт. Ал эми Тажикстан аймагында линиянын узундугу 29 чакырымды түзөт.
2025-жылдын март айында Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров Сугд — Датка электр берүү линиясы (500 киловольт) ишке киришине старт беришкен. Бул линия эки өлкөнүн энергетикалык системаларын байланыштырган.
Молдокеримовдун айтымында, Афганистан аймагындагы электр линиясы азырынча толук бүтө элек. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин иштер убактылуу токтотулган.
"Талибан бийликке келгенден кийин донорлор ишти токтотушкан. Бирок 2025-жылдын июль айында иштер кайра жанданып, азыр активдүү жүрүп жатат. Эң татаал тилке Афганистанда жайгашкан. Ал жерде подрядчылар индиялык компаниялар. Ошентип, Кыргызстан менен Тажикстан долбоорду ишке ашырууга даяр, биз Афганистан тараптагы иштердин бүтүшүн гана күтүп жатабыз", — деди Азим Молдокеримов.
CASA-1000 — Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык системаларын бириктирген регионалдык долбоор. Ал Кыргызстан менен Тажикстандан ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын Афганистан жана Пакистанга экспорттоону карайт.
Долбоор 2016-жылы башталган жана жаңы энергетикалык инфраструктураны куруу аркылуу 1 300 мегаватт ашыкча электр энергиясын Борбордук Азиядан Түштүк Азиядагы электр энергиясына болгон суроо-талап жогору өлкөлөргө жеткирүүнү максат кылат.