Жалал-Абад электр тармактарына акыркы 3 жылда 66 техника алынган
Акыркы үч жыл ичинде Жалал-Абаддын энергетиктерине 66 даана жаңы техника алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 257 даана техникабар. Жаңы техникалар “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен сатып алынып, электр тармактарын тейлөө, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюу жана оңдоо иштерине колдонулууда.
Алынган техникалардын катарына жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар, атайын техникалар, автокран жана экскаватор-жүктөгүчтөр кирет.
Буга чейин энергетиктер аймактардагы иштерди негизинен эскирген техникалар менен аткарып келишкен. Автопарктын жаңыланышы электр тармактарын тейлөө, авариялык кырдаалдарды жоюу жана оңдоо иштеринин ылдамдыгын жана сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди.
Натыйжада энергетиктердин иши жеңилдеп, калкты туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейди.