"КУЭТ" компаниясынын 135 млн сомдук акциялар пакети Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди
"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" (КУЭТ) ААК компаниясынын баалуу кагаз ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-мартынан тарта "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги" мекемеси компаниянын 81 млн 596 миң 189 даана жөнөкөй акциясынын ээси болуп калды.
Бул аталган компаниянын уставдык капиталындагы 0,18% үлүштү түзөт жана анын жалпы суммасы 135 млн 34 миң 24,83 сом.
Өзгөрүүгө чейин бул үлүш "Финансы министрлиги" мекемесине таандык болгон. Өзгөрүүдөн кийин 81 млн 596 миң 189 акциядан турган пакет Финансы министрлигинин менчигинен чыгарылды.
Ошентип, компаниясыныын уставдык капиталындагы 0,18% үлүш Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди.