Ысык-Көл облусунда быйыл шамал электр станциясы курулуп баштайт
Ысык-Көл облусунда Россиянын "Росатом" корпорациясы менен биргеликте курула турган шамал электр станциясынын биринчи этабы быйыл башталарын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул стратегиялык долбоор боюнча даярдык иштери 2024-жылдан бери жүргүзүлүп келет.
"Быйылкы жылы долбоордун каржылык бөлүгү толугу менен аяктайт. "Росатом" менен тийиштүү кредиттик келишимге кол коюлган. Октябрь-ноябрь айларында станцияны монтаждоо иштери башталат. Декабрь айында станциянын биринчи бөлүгү ишке киргизилиши күтүлүүдө. Долбоордун экинчи этабы 2027-жылы бүткөрүлүп, станция толук кубаттуулукта иштей баштайт", - деди ал.
Адылбек Касымалиев бул долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөдө жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин баса белгиледи.