Кыргызстанда автоунааларды кубаттоочу станциялар көбөйөт

Кыргызстанда автоунааларды кубаттоочу станциялар көбөйөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Жунхай шаарында жайгашкан өндүрүштүк заводго жана ShuiFa Group корпорациясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда Парткомдун мүчөсү, Шуйфа корпорациясынын директорунун орун басары Янг Бин менен жолукканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен ШуйФа корпорациясынын ортосунда энергетикалык инфраструктура, анын ичинде заряддоо станцияларын жана энергияны сактоо системаларын өнүктүрүү жаатында кызматташууга багытталган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга кол коюу Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоого жана туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду.

Мындан тышкары, Ибраев NUCL New Energy Tech компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Юлинь Лян менен жолукту. Анда электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап чечимдерди ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

NUCL New Energy Tech компаниясынын өкүлү Энергетика министрлиги менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле кыргыз делегациясы электромобилдер үчүн заряддоочу станцияларды чыгарууга адистешкен Zhejiang Anfu Energy компаниясынын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар жабдууларды жеткирүү жана технологияны локалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашып, мындан ар кызматташуунун багытын макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт

"Манас" эл аралык аэропортунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү үч эсеге көбөйөт

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын басма сөз кызматы билдиргендей, "Манас" эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексин масштабдуу реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоордун алкагында аэровокзалдын аймагы 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Бул инфраструктураны кыйла кеңейтүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жаңыланган комплекс заманбап технологиялуулук, ыңгайлуулук жана дизайн стандарттарына

ЕАЭБде бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүчү 22 чечим кабыл алынды

ЕАЭБде бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүчү 22 чечим кабыл алынды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 53-жыйынынын жыйынтыгын чыгарды. Анын айтымында, жыйындын жыйынтыгы боюнча 22 чечим кабыл алынды. Алар бажы кызматтарынын ишинде колдонулат жана биринчи кезекте жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, ачыктыкты камсыздоого, ошондой эле ак ниет бизнести колдоого багытталган. "Тактап айтканда, чечимдер маалымат алмашууга,

Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Президенттин ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү боюнча мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес экенин экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул мораторий же чектөө Салык кызматына, Бажы кызматына жана Жарандык авиация агенттигине жайылбайт. “Президент Садыр Жапаров 14-мартта ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка

Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат

Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга сунушталды. Документ Улуттук банктын ченемдик актыларын жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Улуттук банктын маалыматына караганда, долбоор 2025-жылдын 28-октябрындагы №237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» жана 2025-жылдын 28-октябрындагы №238 «Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча