МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды
Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды.
Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү.
Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук жана Туюк дарыяларында жалпы кубаттуулугу 15,6 МВт болгон ГЭСтерди куруу жана пайдаланууга берүү каралган.
Андан ары Акпай жана Ашутөр дарыяларында кошумча станцияларды куруу аркылуу долбоорду кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул жалпы орнотулган кубаттуулукту 21 МВтка чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Баштапкы этаптагы инвестициянын көлөмү 1,5 млрд сомдон башталат деп пландалууда. Кеңейтүү этаптары ишке ашкан учурда бул сумма 2,3 млрд сомго чейин өсүшү мүмкүн. Объект инвестордун менчигинде болот.
Долбоорго ылайык, баштапкы этапты ишке ашыруу мөөнөтү мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынгандан жана бардык керектүү жер тилкелери берилгенден кийин 24 айды түзөт. Ошондой эле мөөнөт кеңейтүүнүн ар бир этабы үчүн да каралган.