Кыргызстан менен Россия энергетикалык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты
Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушуу “Энергопром” эл аралык электр энергетикасы форумунун алкагында өттү.
Сүйлөшүүлөрдө тараптар орусиялык энергетикалык жабдууларды сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык программасын карашты.
Анын алкагында кыргызстандык сатып алуучулар менен орусиялык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда тармактык заказдарга негизделген пилоттук сатып алуу программасын ишке киргизүү пландалууда.
Таалайбек Ибраев бул программа кыргыз компанияларына жеткирүү мөөнөтү так аныкталган, сапаттуу жабдууларды алууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал энергетика тармагын өнүктүрүүдө заманбап технологияларды колдонуу маанилүү экенин баса белгиледи.
Форумдун алкагында электр энергетикасы тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү максатында тиешелүү министрликтер аралык меморандумга кол коюлду.


