Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россия айыл чарба кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жана Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири экени белгиленди.

Кыргыз тарап эт, сүт, кайра иштетилген азыктар жана балык продукцияларын Россияга экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле агроөнөр жай комплексинде кооперацияны өнүктүрүү планы, асыл тукум мал жеткирүүнү көбөйтүү, ветеринария жана илимий кызматташтык маселелери каралды.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти

Ошто жаңы чек ара посту жана кызматтык үй ачылды

Жалал-Абаддагы алмашуу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды

Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды