ӨКМ: Кыргызстанда 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар
Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Анын ичинде 33 калдык сактоочу жай жана 27 кен калдыктары эсептелет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул объектилердеги калдыктардын жалпы көлөмү 11 миллион куб метрди түзөт.
Министрлик калдыктарды зыянсыздандыруу жана аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытында ири долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.