Финансы министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат
Финансы министрлиги жетекчиликтин атынан алдамчылык мүнөздөгү маалыматтар тарап жатканын эскертет. Мындай учурлар учурда бир гана министрликте эмес, жалпы өлкө боюнча көп катталууда.
Маалыматка ылайык, шылуундар жарандар менен байланышып, ишеним жаратуу үчүн мессенджерлер аркылуу жетекчилердин жана кызматкерлердин сүрөттөрүн, аты-жөнүн мыйзамсыз колдонушат. Алар укук коргоо органдары байланышат деп алдын ала эскертип, кийин өздөрүн ошол органдардын кызматкерлери катары тааныштырышат.
Алдамчылар жарандардын эсебинен чет өлкөлөргө шектүү акча которуулар жүрүп жатканын айтып, бул төлөмдөргө тиешеси бар-жогун такташат. Жаран “жок” деп жооп берген учурда, “акча каражаттарын банк кызматкерлери мыйзамсыз которуп жатат” деген жалган маалымат беришет.
Мындан тышкары, алар бул тууралуу эч кимге айтпоону талап кылып, “атайын операцияга” катышууну сунушташат. Ошол шылтоо менен акча которууну же насыя алууну талап кылышат.
Финансы министрлиги жарандарды сак болууга, акча каражаттарын белгисиз адамдарга которбоого жана жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат.